Балыкчы шаарынын мурдагы "смотрящийи" "Сапа" уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты (видео)

Балыкчы шаарынын мурдагы "смотрящийи" Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аталган С.С. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.

"С.С. мыйзамдарды сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт", - деп айтылат маалыматта.

05.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан