Бир нече кинолордо башкы ролдорду жараткан актёр, вайнер Азамат Уланов менен анын жубайы Маликанын үйлөнүү үлпөт тою болду. Бул тууралуу актёр өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
"Бүгүн Азамат Уланов официалдуу түрдө үйлөнөт. Азыр фотосессия үчүн отелге келдик. Андан ары ресторанга барабыз. Баары сонун", - деп видео жүктөгөн актёр.
Белгилей кетсек, буга чейин Азамат Уланов бойдокчулук менен кош айтышканын билдирип жубайы экөө түшкөн сүрөт менен бөлүшкөн.