Англия өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттардын саны боюнча Европада биринчи орунда турат. Бул тууралуу Оксфорд университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Иликтөөгө караганда, Англияда мыйзамсыз мигранттардын саны 745 миңге жеткен. Бул Франциядагы сандан эки эсе көп, тагыраагы, ал жакта 300 миңдей мыйзамсыз мигрант жашайт. Ал эми экинчи орунду 700 миңге чейин мыйзамсыз мигрант жашаган Германия ээлейт.
Жыл башынан бери падышачылыкка Ла-Манш кысыгы аркылуу үйлөмө кайыктар менен 26,6 миң мыйзамсыз мигранттар кирген. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүчтөн 5 пайыз жогору деп бааланууда.
Ошондой эле иликтөөдө мыйзамсыз мигранттар көбүнчө качкын макамын алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издешери айтылат. 2022-жылы өлкөгө келген мигранттардын жалпы саны 45 миңге жеткен. 2023-жылы өлкөгө дагы 30 миңдей мигрант кирген.