Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча кампа ачылат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүр кампалары Ош жана Баткен облустарында ачылары маалым болду.
Кампалар төмөнкү аймактарда ачылат:
- Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда;
- Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында жана Баткен районунда иштеп баштайт.