Эрте картайган синдрому бар эң узак жашаган адам каза болду 

Дүйнөдө эң узак жашаган эрте картайган синдрому бар Сэмми Бассо каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал 28 жыл жашаган. Сэмми Бассо 1995-жылы Италияда төрөлгөн. Ага эки жашында прогерия деген диагноз коюлган.

"5-октябрь түнү Сэмми Бассо жакындарынын курчоосунда күтүлбөгөн жерден каза болду", - деп билдирген прогерия менен күрөшүү боюнча италиялык ассоциация.

Аталган ассоциация 2005-жылы Сэмми Бассондун ата-энеси тарабынан негизделген.

Белгилей кетсек, дүйнөдө расмий түрдө аталган ооруга чалдыккан 130 адам бар. Алардын орточо өмүрү болжол менен 13 жылды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан