Казакстандыктар Борбор Азиядагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушун колдоду

Коңшу Казакстандын жарандары референдумда өлкөдө жана бүтүндөй Борбор Азияда биринчи атомдук электр станциясын куруу үчүн добуш беришти.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, 6-октябрь саат 21:00гө карата добуш берүүгө тизмеге кирген жарандардын жалпы санынын 63,87 пайызы катышты.

"Референдумга жалпысынан 7 миллион 820 миң 918 шайлоочу катышты, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында өтө турган атайын брифингде жарыяланат", - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мухтар Ерман брифингде.

Өз кезегинде Orda.kz басылмасы шайлоочулардын дээрлик 70 пайызы өлкөдө АЭСтин курулушуна "макул" деп добуш беришкенин жазды.

Референдумга катышкан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу планын “эгемен Казакстандын тарыхындагы эң ири долбоор” деп атады.

2023-жылы Казакстандын Энергетика министрлиги төрт компания өлкөдө атомдук электр станцияларын курууга талапкер болуп жатканын жарыялаган. Алар: кытайлык CNNC корпорациясы, түштүк кореялык KHNP, француздук EDF жана орусиялык "Росатом" компаниялары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан