Пакистанда кытайлык автоколонна жардырылып, эки адам каза болду (видео)

Карачиде (Пакистан) аэропортко жакын жерде Кытай каржылаган Port Qasim Electric Power энергетикалык компаниясынын автоколоннасы жардырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кытай элчилигинин маалыматы боюнча, жардыруудан эки кытай жараны каза болгон. Пакистан тараптын маалыматы боюнча, 10 адам жабыркаган, алардын арасында пакистандыктар да бар.

"Кытайдын Пакистандагы элчилиги жана башкы консулдугу дароо пакистандык тараптан кол салууну иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону жана Пакистандагы кытай жарандарын, мекемелерин жана долбоорлорун коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү суранды", - деп айтылат Кытай элчилигинин билдирүүсүндө.

Дипломатиялык өкүлчүлүк кырдаалды теракт катары баалаган.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, жарылуу кытайлык инженерлер жана инвесторлор унааларында бара жаткан учурда болгон.

07.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан