Бишкектеги кырсык: Автобус сүзгөн 18 жаштагы кыз каза болду

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы киши ташыган автобус сүзүп кеткен жүргүнчү жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-октябрда саат 10:00дөр чамасында болгон. Анда автобусту айдап бара жаткан 60 жаштагы айдоочу Чүй кең көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден 18 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттары менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган жана тийиштүү бардык экспертизалар дайындалган. Ал эми автобус айып короого токтотулду.

Милиция учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда жаңы автобус бир кишини сүзүп кеткени тартылган видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан