Хаменеи Израилге сокку урган ирандык генералды сыйлады

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизадени медаль менен сыйлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандык генерал бул сыйлыкты Израилди массалык түрдө аткылаганы үчүн алган.

Ирандын жогорку лидеринин сайтында аятолла Али Хаменеи генерал Амирали Хажизадеге Жеңиш орденин тапшырганы айтылат. Сыйлык 1-октябрда Израилге жасалган баллистикалык ракеталык чабуулду бутага алган "Чыныгы убада" операциясы үчүн берилген. Бул ракеталардын көбү Израилдин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 62 жаштагы Амирали Хажизаде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук бөлүмүн 2009-жылы түзүлгөндөн бери жетектеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан