Казакстанда 6-октябрда өткөн атомдук станция куруу маселесине байланыштуу республикалык референдумда добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 12 миллион 284 миң 487 жаранды түздү. Бул тууралуу казак БШКсынын маалыматында айтылат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, добуш берген жарандардын саны 7 миллион 820 миң 204 адамды же 63,66 пайызды түздү.
Референдумга катышкандардын ичинен "макул" деп добуш бергендердин саны 5 миллион 561 миң 937 адамды же 71, 12 пайызды түздү. Ал эми каршы добуш бергендердин саны 2 миллион 45 миң 271 жаранды түздү.
Референдумда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдөн 13 өкүл байкоо жүргүзгөнүн ШКУнун байкоочу миссиясынын жетекчиси Олег Копылов бүгүн, 7-октябрдагы брифинг учурунда билдирди. Айтымында, референдум ачык-айкын өттү.
“Атомдук электр станция куруу маселесине байланыштуу республикалык референдум мыйзамдын талаптарына ылайык өттү. Миссия референдум эркин, ачык-айкын өткөнүн билдирет” деди Копылов.
Ошондой эле ал референдумда майыптыгы бар жарандар үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн баса белгилеп өттү.
Ал эми Түрк мамлекеттеринин биримдиги уюмунун байкоочу миссиясынын жетекчиси Сади Джапаров референдумда мыйзамсыз аракеттер болбогонун айтты.
“Укук коргоо органдары добуш берүү процесстерине кийлигишкен жок. Байкоочуларга эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр, мыйзамсыз аракеттер байкалган жок. Добуштарды саноодо референдум тилкелеринде байкоо жүргүзүлдү. Референдум Казакстандын мыйзам нормаларына ылайык ачык өттү” деп билдирди Сади Джафаров.
Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлду. Жалпысынан 10 миң 323 добуш берүү тилкеси иштеди. Ошондой эле референдумга 177 эл аралык байкоочу көз салды.
Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдиргендей, референдумду 200дөн ашуун чет элдик журналисттер чагылдырды.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Константин Петров референдумдун жыйынтыгы 12-октябрга чейин жарыяланарын айткан.