“Ыйман” фонду, Король Салман гуманитардык жардам борбору менен түзүлгөн келишимге ылайык Жалал-Абад облусунун район, шаарларындагы аз камсыз болгон 2060 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам тапшыруу иш-чарасына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков катышты.
"Ал эми кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүн облус башчы Тилек Текебаев кабыл алып, облустун калкынын аярлуу катмарында жашаган тургундарга колдоо колун сунгандыгы үчүн ыраазычылык барактарын тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, гуманитардык жардамдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тизмесине катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.