Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда милиция бул боюнча маалымат түшүп, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө диний окуу жайдагы 16 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдүн ортосунда чыр чыгып, 16 жаштагы бала аны бычак менен сайып салганы аныкталган. Натыйжада 14 жашар бала алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жетпей каза болгон.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.