Бүгүн Путин 72ге чыкты. Дүйнө лидери туулган күнүн кантип өткөрөрү белгилүү болду

Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин 72 жашка толду. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Путин туулган күнүн жумуш ордунда өткөрөрүн айтып берди.

Песковдун айтымында, бүгүн, 7-октябрда Путин жабык жолугушууларды, эл аралык телефон сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал эми кечинде КМШнын эртеңки саммитине катышуу үчүн Москвага келе турган мамлекет жана өкмөт башчылары менен бейформал байланышта болот.

"Президенттин үй-бүлөлүк майрамы болобу?" деген суроого Песков Путинди куттуктап жаткан үй-бүлөсү, балдары жана неберелери бар экенин айтып, бирок өлкө башчы үй-бүлөсү менен туулган күндүк майрамга анча деле маани бербей турганын кошумчалаган.

"Кагаздар дагы эле иштелип жатат, өлкө дагы эле жашап жатат, бир жерде кыш, бир жерде ысык, бир жерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт, бир жерде эл аралык кырдаал. Керек болсо түнү дагы эс алууга конкреттүү убактысы жок, кээде түнү менен отчёт алып турат", - деген Песков.

Владимир Путин туулган күнүн бир эле жолу эс алуу менен өткөргөн. Бул 2014-жылы болгон. Анда Путин Тайга токоюна учуп кеткен. Кийинчерээк ал эч кандай шарты жок жерге барып, дээрлик 9 чакырым жөө басканын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан