Мексикада кызматка киришкенден бир жума өткөндөн кийин мэрдин башы кесилди

Мексикада Чильпансинго шаарынын мэри Алехандро Аркос өлтүрүлдү. Анын башы жок денеси Виллас-дель-Робле аймагынан табылганын жергиликтүү El Financiero гезити билдирди.

Ал эмне себептен өлтүрүлгөнү белгисиз болууда.

Чильпансинго – Мексиканын батышында жайгашкан Герреро штатынын борбору. Аркос кызматка 30-сентябрда киришкен. Ал каза болгонго чейин бир нече саат мурун бороондон жабыркаган калктуу конуштарга барган. Мамлекеттик прокуратура анын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Белгилей кетсек, буга чейин 3-октябрда шаардык кеңештин жаңы катчысы Франсиско Гонсало Тапиа Гутьеррес Чильпансинго шаарынын борборунда атып өлтүрүлгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Мексикадагы кылмыштардын 98 пайыздан ашыгы ачылбай, же жазаланбай калууда. 2022-жылы эле өлкөдө 30,9 миңден ашык атайылап киши өлтүрүү фактылары аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан