Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова 2-класстын окуучусуна арналган кыргыз тили китебин сынга алды. Бул тууралуу ырчы Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, аталган китепте балдарга кереги жок маалыматтар камтылган жана айрым сөздөр кыргызча эмес, орус тилинде жазылган.
"Бул китепте ар бир темада эле көп каталар бар экен. Кыргыз тилине, кыргыз элине байланышкан темалар көп. "Кыргыз тилине айрым сөздөр орус тилинен кирген" дептир, ал сөздөргө чейин кыргыз тили өтө бай тил да, ошол бай тилди айтсак болбойбу? Биринчи ошолорду үйрөтсөк, бала өзү деле изилдеп алат, кайсы сөз орус тилинен келгенин. Анан окуялардын, аңгемелердин жыйынтыгы жок, чачыранды болуп бүтөт экен", - деген ал.