Бүгүн, 7-октябрында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык, Динар Качкыналиева Бишкек шаардык сотуна, Наргиза Кувандыкова Баткен облустук сотуна дайындалды.
Ошондой эле дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго жиберүү жөнүндө жарлыктар чыгарылган:
- Ош облусу: Кара-Суу райондук соту
Гүлзат Усакпаева;
- Өзгөн райондук соту: Чынара Саадабаева;
- Ош шаардык соту: Урматбек Абдырахманов, Нурмат Самаков, Аштынай Шаршеева;
- Чүй облусу: Ысык-Ата райондук соту
Нурбек Тажибаев;
- Сокулук райондук соту: Манасбек Кулмурзаев;
- Москва райондук соту: Кубатбек Дубанаев;
- Бишкек шаары: Биринчи май райондук соту Жылдыз Сайдылдаева.