Санкт-Петербургда 6-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз: Кырсыктын болжолдуу себептери айтылды

Орусиянын укук коргоо органдары кыргызстандык кыздын 6-кабаттын терезесинен кулап кетишинин себебин аныктады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Айта кетсек, 2-сентябрга караган түнү Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттын терезесинен кулаган кызды унаага салууга аракет кылган үч мигрант кармалган. Алардын баары Кыргызстандын жараны болушкан.

“Фонтанка” басылмасынын маалыматы боюнча, милиция "Зордуктоо" жана "Сексуалдык зомбулук" боюнча кылымыш ишин козгоп, үч кыргызстандык жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Төргөөнүн маалыматы боюнча, окуя болгон түнү 22 жаштагы кызды таанышы зордуктаган. Андан соң кыз качып кетүүнүн айласын кылып, терезеден секирип кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан