Укук коргоо кызматкерлери "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаевди кармагандыгын айырм басылмалар ишенимдүү булактарына таянып, жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал ми Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тергөөчүнүн өтүнүчүн канаттандыргандыгын билдирди. Аткаминер Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Ал 2-декабрга чейин камакта боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.