Бишкекте дагы бир УКТнын мүчөсү баңгизат менен кармалгандыгы айтылды

Бишкекте дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууроасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, милицияга "А" аттуу жаран үйүндө баңгизат сактап жүргөнү белгилүү болду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

"Милиция Бишкек шаарында 1980-жылы туулган М.У. аттуу жаранды кармаган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургшандыгы аныкталган. Анын үйүн тинтүү учурунда, номери өчүрүлгөн белгисиз маркадагы тапанча жана 5 грамм болгон "гашиш" баңгизаты табылып, алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан