Киевде күтүүсүздөн Путинди туулган күнү менен куттуктоо жарыяланды

Киевдин борборундагы "Украина" мейманканасынын имаратында күтүүсүздөн Орусиянын президенти Владимир Путинди куттуктап жазылган жазуу пайда болду. Мындай маалыматты украиналык Телеграм каналдар жазышты.

Имаратка лазердик проектордун жардамы менен "Владимир Владимирович, туулган күнүңүз менен!" деген жазуу жазылган. Ушундай эле жазуулар Киевдеги "Арена Сити" бизнес борборунда жана Крещатик көчөсү №25 дарегиндеги үйдө дагы жазылган.

Кечээ, 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин 72 жашка толду. Кремль 7-октябрда Путиндин жабык жумушчу жолугушуулары, эл аралык телефондук сүйлөшүүсү, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн башчылары менен бейформал байланышы болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан