Европанын бир өлкөсү Украинанын НАТОго кирүүсүнө эч качан макул болбой турганын билдирди

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо ал бийликте турганда Украинанын НАТОго кошулуусуна жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу Euronews жазды.

"Мен "Смер" партиясынын төрагасы катары менин көзөмөлүмдө турган мыйзам чыгаруучуларга Украинанын НАТОго кошулуусуна эч качан макул болбоону тапшырам. Украинанын НАТОго кириши үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачат", - деген Фицо.

Словакиянын лидери Орусия кошуна өлкөгө кеңири масштабдуу басып киргенден бери Батыштын Украинага аскердик жана каржылык колдоосун катуу сынга алды.

"Коңшу өлкөдө славяндар бири-бирин өлтүрүп жаткан аскердик кагылышуу болуп жатат жана Европа бул өлтүрүүлөрдү негизинен колдойт. Мен муну түшүнө албай келем", - деген ал.

Киев НАТОго расмий арызын 2022-жылдын 30-сентябрында тапшырган. Жогорку даражалуу чиновниктердин Украина альянска кирүү үчүн артка кайтпас жолго түшкөнү тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан, өлкө НАТОдон дагы эле расмий чакыруу ала элек. Орусия Украинанын НАТОго киришине каршы чыгып, альянстын орус чек арасына карай кеңейүүсү олуттуу коркунуч экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан