Аксыда кошунасынын уюн торпогу менен кошо 95 миң сомго сатып жаткан жаран кармалды

Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 54 жаштагы жаран кошунасынын уюн торпогу менен уурдап чыгып, Кара-Жыгач мал базарында 95 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делип кармалган Кара-Суу айылынын 54 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан