Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринен мыйзамсыз акча чогултушкан.
Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.