Бүгүн, 8-октябрда Казакстандын Астана шаарында Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин съездинин катчылыгынын XXII отуруму өтүп жатат.
Ага 20 өлкөдөн (Азербайжан, Ватикан, Улуу Британия, Египет, Израил, Индия, Иран, Катар, Кытай, Сауд Арабиясы, Монголия, БАЭ, Пакистан, Португалия, Корея, Орусия, Таиланд, Швейцария, Жапония, Казакстан) 30га чукул диний жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Мындан тышкары жыйынга Казакстандагы диний уюмдардын жетекчилери да катышып жатат.
Съезд отуруму Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин төрагалыгы алдында өтүүдө.
Анда алгачкы жолу 2023-2033-жылдарга карата Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин жыйынын өнүктүрүү Концепциясынын илгерилеши жана биринчи Жаш дин лидерлеринин форумун уюштуруу маселелери талкууланат.
Ошондой эле жыйындын катышуучулары 2025-жылы күзүндө өтө турган VIII Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин съездинин пленардык жыйынынын датасын, темасын жана панелдик сессиялардын темаларын аныктайт.
Мындан тышкары руханий дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин съездинин элчилеринин статусу жөнүндө жобо кабыл алынып, бул кызматка жогорку даражалуу адамдар дайындалган.