Эми сиз MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay мобилдик колдонмосунун жаңыланган версиясы менен смартфонуңуздан эле бир нече мүнөттүн ичинде ОСАГО полисин ала аласыз!
MegaPay автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну алуу процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу менен, убакытты жана акчаны үнөмдөөгө жардам берет.
ОСАГО (автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) – жол-транспорт кырсыктары болгон учурда үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин коргогон милдеттүү камсыздандыруу системасы.
Эмне кылуу керек:
1. MegaPay'ди ачыңыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
2. "Сервистер" бөлүмүнө кирип, "Камсыздандыруу" баскычын басыӊыз;
3. Сунушталган камсыздандыруу компанияларынын арасынан бирөөсүн тандаңыз;
4. “Камсыздандырууну алуу” кызматын басыӊыз. Ал эми "Камсыздандыруу таржымалында" камсыздандыруу маалыматтары чагылдырылат (эгерде бар болсо);
5. Андан кийин, сунушту окуп, бардык суралган маалыматтарды киргизүү керек;
6. Сумма автоматтык түрдө эсептелет, болгону төлөмдү ырастоо жетиштүү.
Даяр полисти алуу үчүн, MegaPay колдонмосунда жол-жоболоштуруу учурунда, жеткирип берүүнү көрсөтүп, же болбосо кеӊседен өзүңүз алып кетсеӊиз болот.
ОСАГО полисин алуу - жол коопсуздугун сактоого жардам берген жана жол кыймылынын бардык катышуучуларын коргогон айдоочу катары сиздин жоопкерчилигиңиз.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-январынан тарта унаа ээлеринде камсыздандыруу жок болсо айыпка тартылат. Полистин болушу, жол-транспорт кырсыгынын бардык жабырлануучуларына транспорт каражаты келтирген зыяндын ордун толтуруунун кепилдиги болуп саналат.
MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!