УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Мурат Осмонов кечээ, 7-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматынан билдирди.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат", - деп билдирди мекемеден.
Белгилей кетсек, Мурат Осмонов 64 жашта болчу.