Казакстандан Кыргызстанга ай сайын 10 миң тоннага чейин күйүүчү май мыйзамсыз чыгарылат

Казакстандан Кыргызстанга ай сайын 10 миң тоннага чейин күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз ташылып келет. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Финансылык мониторинг агенттигинин өкүлдөрү ведомстволор аралык жыйында билдиришти.

Казакстандын күйүүчү майы жеңил унааларда, заводдо, конверттелген газ цистерналарында да экспорттолот. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу баасы арзан болгондуктан суроо-талапка ээ.

"Казак-кыргыз чек арасында эле айына ушундай жол менен 10 миң тоннага чейин күйүүчү-майлоочу май ташылат. Ошондой эле экспорт вагон-цистерналар менен ташылып жаткан жүк тууралуу башка маалыматтарды көрсөтөт", - деп билдирди мекеме.

Күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамсыз жүгүртүүсүн азайтуу боюнча укук коргоо жана мамлекеттик органдар профилактикалык чараларды көрүүнү макулдашты.

Мекеме кошумчалагандай, жыл башынан бери 900 миллион теңгеден (1,8 миллион доллардан) ашык суммага дээрлик 3,5 миң тонна мунай затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 21 кылмыш иши катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан