Баткенде адамды жасалма акча жасоого мажбурлаган шектүү жыл өтүп Оштон кармалды

Кызыл-Кыя шаарында адамды коркутуп, жасалма акча жасоого мажбурлаган шектүү бир жыл өтүп кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 24-октябрь күнү Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну шериктери менен план түзүшкөн. Алар жасалма акча жасоочулук менен алектенип жүргөн Ош шаарынын 33 жаштагы тургунуна 20 миң доллар жасатууну макулдашышкан. Ошол эле түнү аны үйүнөн чакырып, күч колдонуу менен унаага салышып, Кызыл-Кыя шаарына алып келишкен. Андан соң өздөрүн "смотрящий" деп тааныштырган 8 жаран аны ок атуучу курал менен коркутушуп, айдоочулук көбөлүгүн, 10 миң 650 сомун, айдап жүргөн унаасын тартып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адамды уурдоо), 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында былтыр октябрь айынын аяктарында кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми бири Тажикстанга качып кеткени аныкталып, ал жактын милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Бул кылмыштуу топту жетектеген 27 жаштагы башкы шектүү Кыргызстандан чыгып кеткендигине байланыштуу соттун токтомуна ылайык камакка алуу түрү тандалган. Ал быйыл 5-октябрь күнү "Ош" аэропортунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан