"КМШдан келген". Дагестанда үй кызматчысы 94 жаштагы пенсионерди сабаганы видеого түшүп калды

Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында жергиликтүү тургун ооруп жаткан 94 жаштагы апасын караганы аял кишини жумушка алып, кийин күтүлбөгөн окуяга туш болду. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы билдирди.

Дагестан шаарынын тургуну оорулуу апасын кароо үчүн үйүнө аял кишини жумушка алган. Ал 60 жаштагы Зоя Г. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринен келген аял киши болгон. Алгачкы күндөрү дагестандык жаран апасынын денесинен көгала тактарды байкаган. Ага үй кызматчысы апасы өзү эле жыгылып жатканын айтып кутулган.

Кийинчерээк ал бөлмөгө видеокөзөмөл койгон. Андан кийин дароо эле күтүлбөгөн окуяга туш болгон.

Видеодон ал апасын үй кызматчысы сабап, жаман сөздөр менен тилдеп жатканын көрүп, полиция чакырган. Учурда полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Дагестанда үй кызматчысы 94 жаштагы пенсионерди сабаганы видеого түшүп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан