Баткен. Облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогунда жарым финалчылар аныкталды
Ушул тапта Исфана шаарында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн футбол боюнча кезектеги Кубогу уланууда. Командалар 2 топко бөлүнүп күч сынашып, учурда жарым финалчылар аныкталды. Алар - Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана
шаарларынын жана Кадамжай районунун курама командалары. Бул тууралуу
Сүлүктү шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн билдиришти.