64 жаштагы пенсионер 6 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жатат. Бул тууралуу пенсионердин туугандары журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдиришти. “Менин чоң атам туугандарым менен Ысык-Ата районунда жашайт. Туугандарым ата-энесиз калган 3 жаштагы баланы жана 6 жаштагы кызды багып алышкан. Биздин кошунабыз Элмира Жумабаева бизге бут тосууларды кылып, бир күнү милицияга чоң атам 6 жашар кызды зордуктап койду деп арыз жазып коюптур. Арыз жазган күндүн эртеси милициялар келип, чоң атамды алып кетишти. Чоң атам бала кезинен бери 2-топтогу майып экенине карабай, аны милициялар сабап, 6 жашар кызды зордуктады деген айып коюп коюшту. Ошентип, чоң атам СИЗОдо 6 ай жатты. Ал эми ошол окуяга күбө катары менин 13 жаштагы Айпери деген бөлөм көрсөтүлүп жаткан. Алгач ал чоң атам күнөөлү деп көрсөтмө берип жаткандыгы менен сотко барганда аны бирөө атайын “чоң атам күнөөлү” деп кыйнап айттырганын айтты. Ошондон кийин эки күн өтпөй өзүн-өзү асып өлүп алды. Бөлөмдү экспертизага жөнөткөндө денесинде жаракаттар бар экени аныкталган. Бирок сот муну суицид катары баалап, изилдебей ишти жаап койду”,- деди кармалган пенсионердин небереси Данияр Акылбеков.