Бишкекте Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жанаша турган эки унаанын айдоочулары мушташа кеткен. Алардын жол ортосундагы пикир келишпестигин башка унаанын айдоочулары видеого тартып алган.
Видео социалдык баракчанын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна калды.
Тасмада эки эркек киши мушташып, аларды арачалаганга бир нече адам баргандыгын көрүүгө болот. Алар жол чырактын жашыл күйгөнүнө карабай жол ортосунда мушташып, башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан.
Азырынча бул маалымат боюнча шаардык милиция жана жол кайгуул кызматы маалымат тарата элек.