Бишкекте түн ичинде жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталды. Бул туурасында шаардык милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жарышка түшүшкөн Lexus RX, Subaru, Changan, BYD төрт унаа каражаттары менен шаар ичинде автоээнбаштык жазашкан.
"Унаа башкарган айдоочулар мектеп окуучулар экендиги аныкталып, ата-энелери менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлерине, мыйзам чегинде чара көрүү максатында өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.