Орусиянын Тольятти шаарындагы Лиза Чайкина көчөсүндөгү батирдин балконунан бычакталган 2 жана 5 жаштагы кыздардын жансыз денелери табылган. Буга алардын 13 жаштагы эжеси айыпталган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Алардын апасы кыздарды кароо үчүн улуу кызына таштап кеткен.
Өспүрүм аларды бычактап салгандан кийин сейил бакка чыгып кетип, полиция аны ошол жерден тапкан. Ал телефон аркылуу апасына чалып, кылмышын моюнуна алган.
Коңшулары буга чейин сиңдилерин өлтүрүүгө шектелген 13 жаштагы кыздын психикалык жактан эч кандай көйгөйлөрү болгон эместигин айтышкан.
Мындай ишке барууга эмне себеп болгону укук коргоо кызматкерлери тарабынан аныкталууда.