Эртең менен өлкөнүн түштүк тарабында жер титиреди

Бүгүн, 9-октябрда эртең менен өлкөнүн түштүк тарабында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8:39 чамасында Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөнүн очогу Орказган айылынан 9 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 13 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Аталган айылдарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан