Бүгүн, 9-октябрда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жылуулук тармагында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Бишкектин бир бөлүгүндө ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, ысык суу саат 08:00дөн 19:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районунда убактылуу өчүрүлөт.
Ысык суунун чектелиши төмөнкү үйлөргө тиешелүү болот:
- Чыгыш-5 кичи районунда 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19-үйлөр;
- Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр;
- Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасы (Чыгыш-5, 18/1).