Бишкекте Ак үйдүн маңдайында жеңил унаанын айдоочусу кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу видео "Блек лист" Инстаграм баракчасына жарыяланган.
Видеодо Ак үйдүн жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызды сүзүп кеткендигин көрүүгө болот.
Жол кайгуул милициясы бул окуя тууралуу маалымат бере элек.