Беловодск айылында жүк ташуучу унаанын айдоочусу скутерди сүзүп кетип, натыйжада скутердин жүргүнчүсү каза болгон. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка караганда, кырсык 5-октябрда болгон. Окуя байкоо камерасына түшүп калган.
Ал эми Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя 5-октябрь күнү саат 17:00 чамасында болгонун билдирди. Анда жүк ташуучу унаанын айдоочусу 30 жаштагы М.М. Колхозная көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Ал эми скутердин айдоочусу дагы ошол эле багытты көздөй бара жаткан.
Натыйжады 42 жаштагы скутердин жүргүнчүсү алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.