Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалымдалгандай, райондук сот анын бөгөт чарасын 3-октябрда карап, камактагы мөөнөтүн 4-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Адыл Акжол уулу "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып, 2 айга камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон. Ош облустук милициясы 3-сентябрда анын үстүнөн "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Журналисттин жактоочусу анын кармалышына ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу макала себеп болгонун ЖМКлардын бирине билдирген.