Бразилиянын Федералдык Жогорку соту "X (Twitter) социалдык тармагы өлкөдө ишин уланта алат" деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Илон Маск менен бир нече айга созулган тартышууда Жогорку соттун судьясы Александр де Мораес X компаниясына Латын Американын эң ири өлкөсүндө ишин кайра жандандыруу үчүн уруксатын берди", - деп айтылат макалада.
Белгиленгендей, Бразилияда X социалдык тармагынын ишин улантуу чечими медиа-платформа багытын өзгөртүп, Маск мурда аткарбайм деп убада кылган сот чечимдерин аткара баштагандан кийин кабыл алынган.
Буга чейин дямчдлд13-сентябрда Бразилияда X жана Starlink социалдык тармактары мамлекетке айып пул төлөгөндөн кийин бөгөттөн чыгары белгилүү болгон. Төлөнгөн айыптардын жалпы суммасы 3,3 миллион долларды түзгөн.
Эске салсак, 17-августта Илон Масктын компаниясы жергиликтүү бийликтин кызматкерлерине болгон коркутуулардан улам Бразилиядагы өкүлчүлүгүн жаап жатканын жарыялаган.