Жалал-Абадда унаасын чимире айдаган айдоочуга айып салынды (видео)

Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын чимире айдаган видеосу тарагандан кийин жол тескөөчүлөр айдоочуну таап, 15 миң сом айып пул салган.

Ошондой эле ЖКККББ ага жасалма номур тагып жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып тагылганын кошумчалады.

09.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан