Индонезия бийлиги визасыз жүргөн чет элдик жарандар эми 10 жылга камала тургандыгын билдирди

Индонезия бийлиги миграция боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мындан ары визасыз жүргөн чет элдик жарандарды 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, буга чейин мындай мыйзам бузуу үчүн алты айдан бир жылга чейин камоо жазасы каралган эле. Көпчүлүк учурларда саякатчылар депортация менен кутулуп кетишкен.

Ошондой эле оор кылмыштар үчүн жаза дагы кайра каралып чыккандыгы маалыматта белгиленген. Эгерде мурда чет элдиктерге кылмыш жасагандыгы үчүн эң көп дегенде 5 жылга эркинен ажыратылса, азыр ал 20 жылга, айрым учурларда өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылды.

“Биз Индонезиянын мыйзамын сактаган туристтер жана чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу жайга айланышын камсыз кылгыбыз келет. Башка жагынан алганда, иммиграция көзөмөлү индонезиялыктарды коомдук тартипти бузган чет элдиктерден коргошу керек”, - деп белгилеген миграция кызматынын өкүлү.

Кошумчалангандай, Балиде чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүгө уруксат алган документтерин текшерүү үчүн кызматкерлердин санын көбөйтүп, аларга курал алып жүрүүгө уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан