Бишкек шаарында "Денеге оор залал келтирүү" беренеси боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-октябрда милицияга Осмонкул менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, бир адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.