Өзбекстанда күйөө бала септи кайтарып берүү үчүн кыздан 15 миң доллар талап кылды

Өзбекстандын Фергана облусунда күйөө бала кыздын себин кайтарып берүү үчүн андан 15 миң доллар талап кылган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, август айында баш кошкон жаш жубайлар пикир келишпестиктен улам бир жумадан кийин ажырашып кетишкен.

Келин ата-энесине барып, акыры тараптар жарашпай турганын түшүнгөндөн кийин кыздын жакындары кызынын себин алуу үчүн күйөө баланын үйүнө келишкен. Бирок күйөө бала менен анын ата-энеси үйлөнүү үлпөтүнө кеткен чыгымдын ордун толтуруу үчүн 15 миң доллар талап кылышкан.

Келин себин кайтарып берүүнү талап кылып сотко кайрылган.

Талапты аткаруу бюросу аркылуу ал күйөөсүнөн болжол менен 47 миллион сум (3,6 миң доллар) суммасындагы никеге чейинки мүлкүн өндүрүп алууга жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан