11 журналисттин иши: Судья  чечим чыгарганы кеңешүүгө кетти

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча сот отуруму уланууда.

Айыпталуучулардын баары сот залына алып келинди. Бирок маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сот залына кирүүгө уруксат берилген жок.

Сот башталып, учурда судья Кылычбек Истамкулов кеңешүүгө кетти.

Буга чейин 26-сентябрдагы отурумда прокурор 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.

Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.

Ленин райондук соту 10.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан