Эл артисти, опера ырчысы Керим Турапов 65 жашка толду

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Керим Турапов 65 жашка толду.


Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайдын вокалдык бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган.

Чыгармачылыгы:

Керим Турапов баарыбызга белгилүү болгон "Туулган жер", "Бишкегим", "Барам сага", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Сары-Ой" жана башка ырлардын аткаруучусу.

Керим Турапов "Туулган жер" аттуу чыгармасын аскерде жүргөндө апасынын көзү өтүп, топурак сала албай калганда чыгарган.

Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн, Исландия, Корея, Германия, Монголия, Франция, Бельгиянын, Түркия, Кытай, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдүн концерттик залдарында ырдап, угуучуларга аткаруучулук чеберчилиги менен таанылган. Турапов обон да чыгарат. "Туулган жерди сагындым", "Махабат вальсы" жана башка обондору бар.


Эмгек жолу:

1985-1990 — Кыргыз телерадио корпорациясынын академиялык симфония оркестри;

1990 — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти;

2002-2008 — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу;

2000-2010 — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору;


2010-2014 — Асанкан Жумакматова атындагы академиялык симфониялык оркестрдин солисти;

2019-жылдын 31-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалган.

Ал 2022-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директорлук кызматынан бошотулган.

Сыйлыктары:

- Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын ээси;


- 1991-жылы ага "Эмгек сиңирген артист", 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген.

Жеке жашоосу:

Керим Турапов келинчеги Салия менен студент кезде таанышып, 4 жылдан кийин баш кошушкан. Алардын 1 уул, 1 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан