Орусиянын Москва шаарында бүгүн, 10-октябрга караган түнү кар аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Видеодо жааган кар туруктуу кар катмарын түзгөн эместигин көрүүгө болот. Ал бат эле эрип кеткен.
Орусиянын Гидрометеорологиялык борборунун илимий жетекчиси Роман Вилфанд Москвада биринчи чыныгы карга дагы көп убакыт бар экенин буга чейин белгилеген.