Греция курама командасынын жана "Панатинаикостун" коргоочусу Жорж Болдок 31 жашында каза болду.
Маалыматка ылайык, футболчунун жансыз денеси кечээ, 9-октябрда үйүнүн бассейнинен табылган.
News 24/7 агенттиги укук коргоо органдары окуя боюнча иш козгогонун маалымдап, "анын өлүмүндө эч кандай кылмыштын белгилери табылган эмес" деп болжолдуу түрдө аныкташкан.
Болдок 2024-жылы жайында "Панатинаикос" клубуна өткөн. Ал англиялык "Шеффилд Юнайтед" клубунун курамында 219 беттеш өткөрүп, 6 гол киргизгени менен белгилүү. Ошондой эле Жорж Греция курамасында 12 беттеш өткөргөн.