Быйылкы жылы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы түштүк кореялык жазуучу Хан Ганга ыйгарылды. Бул тууралуу аталган сыйлыктын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сыйлык ага тарыхый травмаларга каршы туруп, адам жашоосу канчалык алсыз экендигин ачып берген поэтикалык прозалары үчүн берилген.
"Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын уникалдуу түшүнүп, өзүнүн поэтикалык жана эксперименталдык стили менен азыркы прозада новаторго айланган" деп жазылат андагы маалыматта.
Ган 2016-жылы "Вегетарианка" аталышындагы романы үчүн эл аралык "Букер" сыйлыгына татыган. Анын бул романы англис тилине которулган алгачкы чыгармасы болгон.
Эске салсак, 2023-жылы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы норвегиялык драматург Жун Фоссеге ыйгарылган болчу.
"Нобель" сыйлыгы – илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.