Көздөрү күлмүңдөп, ууртунан жылмаюу кетпеген бир сонун жигит бар кыргыз шоу-бизнесинде. Ал – ырчы Данияр Эрматов. Анын “Мен кыргызмын” деген ырынын коштоосунда мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC`деги беттешине чыкканын көрсөңүз керек. Көрсө, бул бекеринен эмес экен. Данияр мырза бала кезинде эрежесиз мушташтын мушкери болом деп кыялданчу тура. “Спорт менен чыгармачылыкты чогуу алып кеткенге болбойт экен. Бирок UFC беттешинде биринчи жолу кыргыз тилинде ыр жаңырды, бул мен үчүн балалык кыялымдын орундалганы менен барабар”,- дейт ырчы.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 11-октябрда чыккан жаңы – №1140 санынан окуй аласыз.